Информация к новости
  • Просмотров: 1743
  • Автор: admin
  • Дата: 20-11-2018, 10:28

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕК

 20-11-2018, 10:28    Категория: Кыргызча » Жаңылыктар


ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕКБул жөнүндө «ЖКУ үчүн саясий мейкиндик: демократия + адам укуктары = туруктуу өнүгүү лабораториясынын катышуучулары билдирди.

Иш-чара Бишкекте, 2018-жылы 15-ноябрда өткөн адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык ХII фестивалынын алкагында өттү.

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕККатышуучуларды Франциядан Кыргызстанга атайын келген, расмий жолугушууларга жана жарандык коом менен аракеттешүү боюнча жолугушууларга катышкан FIDH адам укуктары боюнча Эл аралык федерациясынын президенти Димитрис Христопулос (DimitrisChristopoulos) куттуктады.

Өнөрканалардын отуздан ашык катышуучулары – укук коргоочулар, ЖКУнун лидерлери, эксперттер, КР юстиция министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Италиянын, Франциянын, Чехиянын өкүлдөрү «Сөз эркиндиги», «Жыйналыш эркиндиги», «Ассоциациялардын эркиндиги», «Аялдардын жана эмгек мигранттарынын катышуусу» аталыштагы төрт топто иштешти. Бул секциялар саясий мейкиндиктин функцияланышына жана Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө зарыл болуучу негизги эркиндиктерди жайылтууну талкуулоо үчүн түзүлгөн. Эксперттер Борбор Азиядагы бүгүнкү күндөгү реалийлерди жана жарандык коомдун көйгөйлөрүн эсепке алуу менен аталган эркиндиктердин кырдаалы боюнча докладдар менен чыгышты.

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕК«Сөз эркиндиги боюнча региондун үч өлкөсүнүкү - Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын тең абалы окшош, - деди БАда Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин (Кыргызстан) программалык директору Инга Сикорская, «БАдагы сөз эркиндиги: чакырыктар тренддер, чечимдер» деген темадагы доклад менен чыгып жатып. - Негизги коркунучтар – чыр-чатак чыгаруу жөнүндө мыйзамдарды интерпретациялоо, ушул түшүнүктөрдү экстремизм менен чаташтыруу, мындай кемчиликтер көз карандысыз активисттерди, журналисттерди, укук коргоочуларды куугунтуктаганга жол берип жатат; биздин өлкөлөрдө социалдык жактан жактыра бербеген топторго болгон жек көрүүнүн жогорулашы, ошондой эле пропаганданын деңгээлинин жогору болуусу коомдук пикирдин жана публикалык дискурстун калыптануусуна таасир этүүсү бар " – деп айтты.

Катышуучулардын тобу бир нече саат бою талкуу кылышып, сунуштамаларды жана аракет планын иштеп чыгышты. Жыйынтыгында, ар бир секция өзүнүн иштелмелеринин пакетин презентация кылды. 

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕКТажикстандык эксперт Муаттар Хайдарова ассоциациялардын эркиндиги тармагындагы тенденциялар жана коркунучтар жөнүндө айтып жатып, ӨЭУну ички булактардан финансылоо боюнча мыйзамды жакшыртуу, кайрымдуулук менен алектенген уюмдур жөнүндө мыйзамды тез аранын ичинде кабыл алуу, салык мыйзамын Тажикстанда жарандык коомго басым жасоонун каражаты катары пайдалануу тажрыйбасын жоюу керектигин көрсөтүү менен жумушчу топтун сунуштарын айта кетти.

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕК"Кылым Шамы” КФнын (Кыргызстан) өкүлү Гульшайыр Абдирасулова келгендерди тынч жыйналуу өткөрүү укугун ишке ашырууга байланыштуу иштерди сотто кароодогу өзгөчөлүктөр менен тааныштырды. Анын катышуусундагы жумушчу топ ошол тармактагы кырдаалды жакшырта турган бир катар кадамдарды сунуштады. Айта кетсек, соттор үчүн тынчтык жыйналуулар эркиндигин сактоо боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу, соттор жана укук коргоочу органдарга адам укугун коргоо маселелерин билүү боюнча аттестация процессин имплеминтациялоо, катышуучу мамлекеттерде жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын аткарылышын көзөмөлдөө менен алектенген БУУнун адам укуктары боюнча Комитетинин, уюмдардын чечим чыгаруу тажрыйбасын түзүү зарыл.

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕККазакстандан келген, «Эл аралык Укук Демилгеси» коомдук фондунун президенти Айна Шормонбаева «Аялдардын жана эмгек мигранттарынын катышуусу» жумушчу тобунун сунуштамаларын презентациялады.

«Өкмөт жана парламент коомдук кызыкчылыктарга жана талаптарга көңүл бурушу керек, бул ЖКУ үчүн ачык саясий мейкиндиктеги негизги принцип болуп эсептелет,- деди Шормонбаева.Бул жумушчу топко катышуу үчүн Кыргызстандын Нарын областына караган Жумгал районундагы Миң-Куштун жашоочулары, мындайча айтканда адамдар оорудан жана жакырчылыктан кыйналган, уран калдыктарын иштеткендиктен экологиялык коркунучтуу болуп калган айылдан келишкен. Активисттер бийликтегилерге бул кырдаал боюнча маселени колдон келишинче тез аранын ичинде чечүүнү сунушташты. Ошону менен катар, Миң-Куш кыштагындагы 23 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча чечимдин конкреттүү механизмин иштеп чыгуу зарыл.

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕК"CABAR.asia” аналитикалык порталдын редактору Эрмек Байсалов, БАда эксперттик жамаат менен жарандык коомдун уюмдарынын кызматташуусу маанилүү экендигине көңүл бурдурду. Эксперттик потенциал көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү база болуп саналат деп баса белгиледи ал.

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ ҮЧҮН САЯСИЙ МЕЙКИНДИК АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕКТөрт жумушчу топ өлкөлөрдүн Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн керектелүүчү аталган эркиндиктерди жайылтуу боюнча аракет планын сунуштады. Сунуштардын ичинде – ЖМКда жана Интернетте душмандашууну ойготуу жана сөз эркиндигине тийиштүү болгон макалаларды түшүндүрүү боюнча Жогорку Соттун Пленумунун чечимин алуу, коомдун ар түрдүү топторунун укуктарын жана эркиндигин коргоо үчүн КРнын дискриминацияга каршы мыйзамын кабыл алуу, кайрымдуулук уюмдары боюнча мыйзам кабыл алуу, жумушсуздукту жана эмгек миграциясын кыскартуунун үстүндө биргеликте иш жүргүзүү, бийликте кыз-келиндердин болушу үчүн 40% квота киргизүү, коомдук жыйналуу жөнүндө мыйзамды пайдалануу укугуна коомдук экспертизаны жайылтууну практикалоо, БУУнун адам укуктары боюнча механизмдерин жайылтууну колдоо: БУУнун атайын процедураларына кайрылуу, адам укуктары боюнча БУУнун комитетине жекече билдирүү жасоо, БУУнун атайын докладчигине кайрылуу.

Сунуштардын бардыгы Өкмөткө, парламентке, эл аралык уюмдарга, ЖМКга жөнөтүлөт.
Лаборатория «Бир Дүйнө Кыргызстан»укук коргоо кыймылы жана Борбор Азиядагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) өкүлчүлүгү менен биргеликтеБорбор Азиядагы Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар мектеби тарабынан уюштурулган.
Лабораториялардын фоторепортажы Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин XII Эл аралык фестивалынын фейсбуктагы расмий баракчасында http://catcut.net/JWhx

Алина Амилаева, Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар мектебинин программасынын ассистенти, Казакстан.

Бул макала XII Эл аралык фестивалдын медиакампания боюнча расмий өнөктөшү болгон Борбор Азияда Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар мектеби тарабынан даярдалган.


 

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год


Он-лайн курс




Образование и тренинги


ЛЕТНЯЯ ШКОЛА В ЕВРОПЕ ДЛЯ МОЛОДЫХ МИРОТВОРЦЕВ

Для развития следующего поколения миротворцев секретариат ОБСЕ организовывает летнюю школу для 20 молодых людей из стран Южного Кавказа…

Подробнее


Вебинары


ВЕБИНАР ПО РАБОТЕ С НОВОСТНЫМИ РАССЫЛКАМИ ОТ POINTER

Университет Poynter приглашает на вебинар: "Дорогой читатель: как добиться большего с вашей новостной рассылкой", который пройдет 23 мая в 2 часа дня по восточному дневному времени (19:00 часов по кыргызстанскому времени).На вебинар приглашаются руководители СМИ, редакторы бюллетеней и сотрудники по коммуникациям.

Участники узнают, как сделать рассылку полезной и интересной; как развивать бюллетень, чтобы он продолжал отвечать потребностям читателей; о советах и приемах, помогающих привлечь читателей к контенту; о творческих идеях, помогающих создавать хорошие рассылки, и о том, как искать интересный для читателей контент и как определять успешность бюллетеня.Курс ведет Крис Хиггинсон– автор и редакторThe Seattle Times’ Morning Brief.

Регистрация продолжается. Стоимость курса – 29,95 долл. США.

Подробная информация

 

Подробнее


Наши услуги


ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕ

ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕГруппа независимого мониторинга, экспертизы и анализа Школы миротворчества оказывает поддержку, проводит  консультации и внесудебную экспертизу по вопросам, связанным с высказываниями или распространением информации в Интернете.

ПОМНИТЕ: независимая оценка спорного контента является весомой доказательной базой при рассмотрении дел и может повлиять на его исход. Инструменты и практики квалификации контента, разработанные и применяемые в экспертизах Школы миротворчества базируются на последних мировых разработках анализа онлайн контента позволяют делать квалифицированные выводы и заключения. 

Эксперты Школы миротворчества входят в группу авторов-разработчиков МЕТОДИЧЕСКОГО РУКОВОДСТВА по проведению  комплексной судебной психолого-лингвистической и религиоведческой экспертизы в Кыргызской Республике, которая была издана в марте 2017 года и станет одним из главных документов для Центра судебных экспертиз Минюста КР.

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры