Информация к новости
  • Просмотров: 689
  • Автор: admin
  • Дата: 30-12-2015, 21:12

ЖМКдагы, Интернеттеги жана коомдук дискурстагы душмандашуу тили - Кыргызстан-2015 oтчеттун резюмеси

 30-12-2015, 21:12    Категория: Кыргызча » Изилдөөлөр » Душмандашуу тилине медиа-мониторинг


ЖМКдагы, Интернеттеги жана коомдук дискурстагы душмандашуу тили - Кыргызстан-2015 oтчеттун резюмесиТынчтыкты орнотуучу жана медиатехнологиялар мектеби"ЖМКдагы, Интернеттеги жана коомдук дискурстагы душмандашуу тили - Кыргызстан-15” боюнча аралык отчетун берди. Отчетто 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында кыргыз жана орус тилиндеги басылма, теле-радио, онлайн медиа жана социалдык тармактардагы анализдин жыйынтыгы жана жылдардын башка убактылары менен салыштыруу, ошону менен катар талаа изилдөөлөрүнүн негизинде чыгарылган жыйынтыктар чагылдырылган.

Кыргызстандын медиа талаасындагы сөз эркиндиги ачык эле ксенофобиялык сөздөргө, саясий сыпаасыздыкка негизделген жек көрүү лексикасы менен тыгыз чектешүүдө жана ЖМКдагы журналисттик стандарттын төмөнкү деңгээлине басым жасалган, ал эми социалдык тармактагы посттор кээде тармактык агрессияга үндөйт. Кыргызстан Борбор Азиядагы кошуна мамлекеттердин ичинен сөз эркиндигинин рейтингинде[1], жогорку көрсөткүчтөрдү ээлесе да, этика маселесинде көп кемчиликтерге ээ.

Азчылыкка карата басым көрсөтүү тили өзүн аналитикалык деп эсептеген медиаларда да бар. Азчылыктын проблемалары жөнүндө маалымат берип жаткан макалалар менен репортаждарды жасап жаткан авторлор ошол эле учурда алардын терс образын жаратышууда. ЖМКлар мунусу менен этникалык, диний, социалдык жана башка ксенофобияны жайылтууну шарттап жатат.

2015-жылы душмандашуу тилинин себеби жана жек көрүүнүн негизинде кылмыштардын курмандыгы болушу мүмкүн болгон социалдык топтордун саны өстү. Бул жылдын аягындагы анализ боюнча гумандуу эмес сөзгө калуунун негизги бутасы катары мусулмандар, этностор жана ЛГБТ тобу болду. Мурдагы жылдары ЖМКдагы негативдик реакция этникалык топторго карата болгон эле.

ЖМК жана Интернеттеги[2] ар кандай подтексти бар фобиялардын түрлөрү боюнча классификациялоо.

 

 Улутчулдук риторика дагы деле алдыга чыгып жатса да, 2015-жылы эксперттер жергиликтүү ЖМКда жана Интернет-ресурстарда исламофобиялык жана гомофобиялык медиатренддин жогорулаганын белгилешкен. Көрүнүп тургандай медиадагы исламга каршы риторика Сириядагы узакка созулган согушка, ошондой эле ИГИЛдин басып алууларынын айынан качкындардын жана мигранттардын Европага жана башка мамлекеттерге толкушуна, Сирия жана Ирактагы согушка Кыргызстандын жарандарынын тартылышына байланышкан. Ошол маалыматтарды эске салып жатып журналисттер менен спикерлер аудиторияга Бишкек шаарынын ортосунда ушул жылдын июл айында радикалык топтун согушкерлерин ликвидациялоо боюнча атайын операциялар жөнүндө токтолуп кетишүүдө. Ал жөнүндө айтып жатып авторлор исламдын салттуу атрибуттары менен терроризмге параллел келтиришип, жалпы элге мусулмандардын сырткы көрүнүшүнө таянуу менен душмандын образын жаратууда.

2015-жылы коомчулукта качкындарга жана чет өлкөлүктөргө, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор – канадалыктарга, кытайлыктарга, түрктөргө жек көрүү сезими орто эсеп менен үч эсеге курчуган. Алардын этникалык (мамлекеттик) тийиштүүлүгү ЖМКда жана Интернетте талкууга алынган. Макалалардын, репортаждардын жана посттордун негизги бөлүгү сын тагуу маанайында, ал эмесе социалдык тармактарда кордоочу тилге чейин жетүүдө. Кээ бир чет өлкөлүк фирмалардын ишмердиги саясатташууда. Мисалга, Кумтөр алтын-кен иштетүүчү ишканасы терс контекстте талкууга алынгандыгына байланыштуу канадалыктар душмандашуу тилинин бутасына айланды.

Эми алар ЖМКда кордоочу клише жана стереотип такай пайдалана турган топтордун тизмесине кирип калды. Коомдук дискурстагы гумансыз сөздөргө татыган дагы бир блок катары курулуш, соода жана кызмат көрсөтүүдө иштеген кытайлыктар кирди. «Китай экспансиясы» - ЖМКнын бардык түрлөрүндө тираждалган стереотип болду. Анализге алынган аралыкта этностор боюнча рейтингде кытайлыктар жек көрүү тилинин курмандыгына кабылуу боюнча алдыга чыгышкан.

Медиа тармактагы гомофобиялык маанайды "салттуу эмес сексуалдык байланыштарга карата жакшы мамилени калыптандыргандык” үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу боюнча дискуссия колдоду. ЛГБТ темасы коомчулукта цензураланган болсо да ЖМК жана интернет колдонуучулар аны жума сайын талкуулашат, көбүнчөсү негативдик тондо.

Кыргыз парламентинде Акыйкатчыны шайлоодо гомофобия маселеси коомдук дискурста көтөрүлдү. КР Акыйкатчысынын кызматына беш талапкер депутаттардын ЛГБТга алардын мамилеси кандай экендигине байланышкан суроосуна жооп беришти. Акыйкатчы постуна бир талапкер болсо ЛГБТнын конституциялык укугунун контекстинде айтып келип, бул "медициналык проблема жана гендик деңгээлдеги бузулгандык”[3] деп, баса белгилеп кетти.

Этникалык жана тилдик топторду эске алуунун персонификациялангананализи


Анализге алынган аралыкта изилденген медиаларда этносторду сөзгө алуу сан жагынан 84%түзгөн. Анда журналисттер жана Интернет пайдалануучулар этносторду сын тагуу тонунда жазышкан. ЖМК жана Интернет Кыргызстандын ЕвраЗЭСке катышуусуна, Украинадагы согуш темасына жана тарыхый тематикада арналган макалаларда жана комментарийлерде орустардын негативдүү образын трансляциялашкан. Бул фондо изилдөөнүн акыркы 5 жылдыгында орус этносу биринчи жолу негативдүү эскерүүлөрдүн тизмесинен жогорку орунду ээледи.

Кытай этносу Кыргызстандын суверенитетине кооптонуунун булагы катары баяндалган. Кытайлыктарды эмгек рыногундагы конкуренттер жана жергиликтүү аялдарды өзүнүн тукумун көбөйтүү үчүн "басып алуучу” агрессорлор катары көрсөтүшкөн. Түрктөргө карата душмандашуу тили соода-сатыкка инвестициялоо, түрк ишкерлеринин ишкердик тармагынын кеңейиши менен байланышкан. Канадалыктар Кумтөр алтын-кен ишканасы боюнча маселеге байланыштуу бута болуп кала берүүдө.

 

Изилденген медиалардагы душмандашуу тилин пайдаланууда приоритеттүү жанрлар

Медиа тармактагы анализдөөлөр интернеттин жана саны өсүп жаткан социалдык тармактын ролунун күчөгөндүгүн белгилеп кетти. Эң көп каралоочу метафоралар жана кордоочу лексика Фейсбуктагы посттордо экендигин эксперттер байкашкан. Ал жерде 33%жеткен дискриминациялык билдирүүлөр табылган.

Социалдык тармактагы посттор ар түрдүү жана бир ракурстан экинчи ракурска өткөн тематикага бай келген. Кээде пайдалануучулар бир постто күндүн көйгөйү болгон эки теманы аралаштырып, өтө катаал душмандашуу тилинде жазышууда. Мындайча айтканда жек көрүүнүн буталары көбөйүп жатат, бул өз учурунда тескери реакцияны пайда кылат.

Медиадагы жек көрүүнүн негизги таркатуучулары

 

Анализге алынган аралыкта жек көрүү субъекттеринин рейтингинде Кыргызстандын коомчулугунда коомдук персоналар алдыда жүрүүдө. Жек көрүү лексикасын таркатуучулардын тизмесин социалдык тармактардын пайдалануучулары - 43,2% баштайт. Гумансыз тилди таркатуучулардын арасында экинчи орун журналисттерге таандык. Алардын атынан жек көрүү контенти менен макалалардын жана репортаждардын 9,5% таркатылган.

 

9,7% респонденттерди жана интервью берүүчүлөрдү сурамжылоододискриминациялык лексика пайдаланылган, алар эфирге чыгарууда же макалаларда комментарийи жок пайдаланылган; 4,5 % риторика саясатчылардан чыккан;

2,23% - эксперттердин жана 0,87% окумуштуулардын жана маданият ишмерлеринин билдирүүлөрүнөн табылган.

Душмандашуу тилинин курмандыктары

Душмандашуу тилинин курмандыктарынын арасында лидерликти мурда жүргүзгөн мониторинг аралыгындагыдай эле этностор болду, мында алардын рейтинги бир аз өзгөрдү[4]. Аларга бардык документтештирилген речтик жана визуалдык кол салуулардын 68% багытталган.


Анализдөөдушмандашуу тилинин бутасы болуу макаланы жана постту жарыялоо же репортаждын эфирге чыгуу убагында болгон окуяларга байланыштуу экендигин көрсөтүү. Мисалга, ноябрда, Париждеги кандуу булоонго жана Сириядагы окуялардын өнүгүшүнө байланыштуу мусулмандарга карата жек көрүү байкалган. Аларга мурдагы мониторинг аралыгында байкалбаган бардык гумансыз атырылуунун 10%ы туура келген. Душмандашуу тилинин үчүнчү орунунда Россия/ орус этносу,Россия мамлекети макалаларда жана социалдык тармактын пайдалануучулары өзүнүн жек көрүүсүн билдирген тексттеринде персонализацияланып жатат. Буга Украина менен Сириядагы согуштар, Кыргызстандын ЕвраЗЭСке катышуусу, Турция менен талаш-тартыш, мамлекет падышалык Россиянын түзүмүнө кирген маалдагы 1916-жылкы тарыхый маселелер себеп болгон.

КР бийлиги душмандашуу тилинин курмандыгы боюнча рейтингине кирген төртүнчү топ болду(5,5%). Бийликтер көбүнчөсү кыргыз басылмаларында, онлайн – медиада, Фейсбук пайдалануучулар тарабынан жек көрүү курмандыгы болгон. Алар бийликти экономикалык, чек аралар боюнча, этникалык маселелерди чече албагандыгы жана мамлекетти башкара, Россия менен жакындаша албагандыгы боюнча күнөөлөшкөн.

Отчеттук аралыкта ЛГБТ жек көрүү тилинин 4% түзүп, ага байланыштуу жек көрүү сөздөрү 2,4% АКШга жана 2,3% жергиликтүү БӨУларга айтылган. Акыркы үч топ бир нече жолу ошол эле медиа тексттерде жек көрүү объекти катары эскерилген. Мисалга, журналисттер же Интернет пайдалануучулар ЛГБТга каршы пропагандага багытталган мыйзам долбоорун талкуулаганда "күнөөлүү” тарап катары жогоруда аталган топтор эскерилет. Көбүнчө авторлор БӨУну "америкалык каржылоо” менен, ал эми ЛГБТны кыргыз коомчулугуна "батыш маданиятынын таасирин” биргеликте айтышат. Эксперттик топ 2015-жылдагы маалыматтарды жалпылаштырып жана контентти анализдөөнү улантууда, жыйынтыкталган доклад 2016-жылдын март айында аягына чыгарылат.

Бул изилдөө Канадалык жергиликтүү демилгелер фондусунун колдоосу менен жүргүзүлүүдө (CFLI).

ЖМКдагы, Интернеттеги жана коомдук дискурстагы душмандашуу тили - Кыргызстан-2015 oтчеттун резюмеси



[1] World Press Freedom Index[1] https://index.rsf.org/#!/

 

 

 

 

 

[2] Көрсөтүлгөн ксенофобияны анализдөө бөлүмүндө[2] улутчулдук риториканы, чет элдиктерди жек көрүү; исламофобияга – мусулмандарга каршы риторикалуу, гомофобиялуу маалыматтар жана репортаждар, ЛГБТга каршы реакциялуу медиалык тексттер табылган медиа материалдар кирген.

 

[4] "Этникалык жана тилдик топторду эскерүүнүн персонификацияланган анализи” диаграммасын караңыз.

 

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Жоокерлер машине бөлүктөрүнүн базарынын жанында массалык башаламан убагында Ош ш., июнь 2010-жыл

  • Медиация жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тренингдин катышуучулары “Тынчтык мунарасын” куруп жатышат, Бишкек, апрель, 2011-жыл

  • Стереотиптерди бузуу боюнча журналисттер үчүн тренинг, Бишкек, апрель, 2012-жыл

  • Мультиулуттук журналисттик топтордо командалык репортаждарды жасоо боюнча семинар, Бишкек, август, 2012-жыл


Он-лайн курс




Билим берүү жана тренингдер


Көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча тренингке ММКлар үчүн сынак

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби КРда расмий түрдө катталган ТВ жана радиокомпанилардын, он-лайн басылмалардын…

Калганы


Вебинарлар


Медиаторлуктагы уюштуруу саясаты

Калганы


Наши услуги


ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕ

ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕГруппа независимого мониторинга, экспертизы и анализа Школы миротворчества оказывает поддержку, проводит  консультации и внесудебную экспертизу по вопросам, связанным с высказываниями или распространением информации в Интернете.

ПОМНИТЕ: независимая оценка спорного контента является весомой доказательной базой при рассмотрении дел и может повлиять на его исход. Инструменты и практики квалификации контента, разработанные и применяемые в экспертизах Школы миротворчества базируются на последних мировых разработках анализа онлайн контента позволяют делать квалифицированные выводы и заключения. 

Эксперты Школы миротворчества входят в группу авторов-разработчиков МЕТОДИЧЕСКОГО РУКОВОДСТВА по проведению  комплексной судебной психолого-лингвистической и религиоведческой экспертизы в Кыргызской Республике, которая была издана в марте 2017 года и станет одним из главных документов для Центра судебных экспертиз Минюста КР.

 

 

 

Подробнее

Медиа-инновациялар лагери



Ичкериден кароо





Өнөктөштөр