Информация к новости
  • Просмотров: 179
  • Автор: admin
  • Дата: 27-11-2017, 12:19

ӨЭУнун көп түрдүүлүк, азчылыктар жана Кыргызстандын булуң-бурчундагы социалдык топтордогу маселелер боюнча иштешкен активисттер

 27-11-2017, 12:19    Категория: Билим берүү жана тренингдер, Жаңылыктар


ӨЭУнун көп түрдүүлүк, азчылыктар жана Кыргызстандын булуң-бурчундагы социалдык топтордогу маселелер боюнча иштешкен активисттерӨЭУнун көп түрдүүлүк, азчылыктар жана Кыргызстандын булуң-бурчундагы социалдык топтордогу маселелер боюнча иштешкен активисттер Бишкекте 2017-жылдын 23-ноябрында өткөн семинарда ЖМКдагы натыйжалуу коммуникацияга үйрөнүштү.

Тренингдин программасы интерактивдүү сессиялар жана топтогу тажрыйбалык көнүгүүлөрдөн турган. Катышуучулар коммуникациянын максаттары жана маалыматтык түрткүлөр жөнүндө билишти, ЖМК үчүн стандарттуу окуяларды кызык кылып сунуштоону, азчылыктын проблемасынын контекстиндеги ӨЭУнун ишмердигин  чагылдырууда аудиторияны кызыктыра турган темаларды издөөнү үйрөнүштү. Сөз эркиндиги, душмандашуу тили жана стереотиптер, ошондой эле сезимтал контент менен иштешүү үчүн жек көрүү лексикасын жеңүү боюнча глоссарий даярдоонун көндүмдөрүнө атайын сессия арналды. Катышуучулар топтук интенсивдик сабактардын учурунда журналисттер менен баарлашуунун көндүмдөрүн үйрөнүштү, ал эми берилген моделдик кырдаалдардын негизинде пресс-конфренция өткөрүүнү үйрөнүштү.

ӨЭУнун көп түрдүүлүк, азчылыктар жана Кыргызстандын булуң-бурчундагы социалдык топтордогу маселелер боюнча иштешкен активисттерСеминардын аягында катышуучуларга көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча медиа адистер үчүн атайын иштелип чыккан кыргыз жана орус тилиндеги жаңы практикалык окуу китеби презентацияланды жана таркатылып берилди.

ӨЭУнун көп түрдүүлүк, азчылыктар жана Кыргызстандын булуң-бурчундагы социалдык топтордогу маселелер боюнча иштешкен активисттерИш-чара «Көп түрдүүлүктү жана медиа плюрализмди кабардар болуу, окуу куралдарын иштеп чыгуу жана семинар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында өттү.

 

Уюм жөнүндө: Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технология мектеби медианы, коомчулук менен байланышууну, сөз эркиндигин жайылтууну өнүктүрүү боюнча коммерциялык эмес уюм. Онлайн-контенттеги, ЖМКдагы, интернеттеги жана публикалык дискурстагы душмандашуу тилин изилдөөгө жана экспертиза жасоого, журналисттерге жана онлайн контентти түзүүчүлөргө, анын ичинде конфликт болуп жаткан жерлердегилерге да тренинг өткөрүүгө, санариптик доордо сөз эркиндигин жана пикир билдирүүнү жайылтууга, медиа сабаттуулукка үйрөтүүгө, адвокацияга адистешкен.

Көбүрөөк маалымат үчүн: www.ca-mediators.net https://www.facebook.com/peacemakingS/ e-mail: peacemakingschool@gmail.com

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Жоокерлер машине бөлүктөрүнүн базарынын жанында массалык башаламан убагында Ош ш., июнь 2010-жыл

  • Медиация жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тренингдин катышуучулары “Тынчтык мунарасын” куруп жатышат, Бишкек, апрель, 2011-жыл

  • Стереотиптерди бузуу боюнча журналисттер үчүн тренинг, Бишкек, апрель, 2012-жыл

  • Мультиулуттук журналисттик топтордо командалык репортаждарды жасоо боюнча семинар, Бишкек, август, 2012-жыл


Он-лайн курс




Билим берүү жана тренингдер


Зордукчул экстремизм  менен медианы жана калкты маалымат менен кабардар кылууну күчөтүү аркылуу күрөшүү

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби,Network ofSocial Mediators, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык…

Калганы


Вебинарлар


Медиаторлуктагы уюштуруу саясаты

Калганы


Наши услуги


ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕ

ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕГруппа независимого мониторинга, экспертизы и анализа Школы миротворчества оказывает поддержку, проводит  консультации и внесудебную экспертизу по вопросам, связанным с высказываниями или распространением информации в Интернете.

ПОМНИТЕ: независимая оценка спорного контента является весомой доказательной базой при рассмотрении дел и может повлиять на его исход. Инструменты и практики квалификации контента, разработанные и применяемые в экспертизах Школы миротворчества базируются на последних мировых разработках анализа онлайн контента позволяют делать квалифицированные выводы и заключения. 

Эксперты Школы миротворчества входят в группу авторов-разработчиков МЕТОДИЧЕСКОГО РУКОВОДСТВА по проведению  комплексной судебной психолого-лингвистической и религиоведческой экспертизы в Кыргызской Республике, которая была издана в марте 2017 года и станет одним из главных документов для Центра судебных экспертиз Минюста КР.

 

 

 

Подробнее

Медиа-инновациялар лагери



Ичкериден кароо





Өнөктөштөр