Информация к новости
  • Просмотров: 1736
  • Автор: admin
  • Дата: 16-02-2016, 16:22

Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминация

 16-02-2016, 16:22    Категория: Кыргызча, Жаңылыктар


Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминация2016-жылдын 15-февралында Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар Мектеби уюштурган "Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминация”деген коомдук дискуссия өттү.

Иш-чарага Канаданын Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы элчиси Шон Стайл, КР Президентинин Аппаратынын этника, дин саясаты жана жарандык коом менен өз ара байланышуу бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин мониторинг Борборунун жетекчиси Аблабек Асанканов эл аралык, жарандык, диний уюмдардын өкүлдөрү жана медиа эксперттери катышты.

Катышуучулар ЖМКда жана Интернетте душмандашуу тилинин деңгээлин, душмандашуу тилинин жайылуусунда жаңы медианын жана социалдык тармактардын ролу, анын аудиторияга таасири, этникалык, диний жана социалдык стереотиптердин динамикасы жана тренддери талкууланды, ошондой эле дискриминациялык лексиканын алдын алуу боюнча бир катар рекомендациялар иштелип чыкты.

Бир жагынан алганда, Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар Мектебинин эксперттик тобу уюштурган «ЖМКдагы, Интернеттеги жана коомдук дискурстагы душмандашуу тили-2015» медиа-мониторинги көрсөткөндөй гумандуу эмес айтуулардын негизги максаты мусулмандар, этностор жана ЛГБТ болгон. Бул Сириялыктардын Европага качуусу, ДАИШке кыргызстандыктарды вербовкалоо фактылары, жергиликтүү коомчулукта качкындарга жана чет элдиктерге жек көрүүнүн курчуусу, гей-пропаганда жөнүндө мыйзам долбоорунун айланасындагы дискуссия болду.

Бул жерде «ЖМКдагы, Интернеттеги жана коомдук дискурстагы душмандашуу тили-2015» изилдөөсүнүн резюмеси жана инфографикасы бар.

Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминация

Бул мониторингдин жыйынтыгы боюнча медиадагы терс айтуулардын 62%га жакынын этносторго карата пайдаланылган. Журналисттер менен пайдалануучулардын негизги бутасы орустар, кытайлар, түрктөр жана канадалыктар. Макала менен посттордун авторлору көбүнчөсү өзүнүн каармандарынын улутка тийиштүүлүгү менен анын тигил же бул мамлекетке тийиштүүлүгүн алмаштырып алышат. Бул кырдаал кээ бир учурларда тема абдан саясатташканда, ал эми кээде текстти жазуунун стандарттарын эске албаганда пайда болот.

Канаданын элчиси Шон Стайл жергиликтүү ЖМКда канадалыктар терс контекстте баяндалаарын таңкалуу менен кабыл алды. Канадалыктарга карата стереотиптер жана клишелер көп учурларда Кумтөр алтын казуу ишканасы боюнча талкууга арналган репортаж менен постторго тийиштүү болгон.

«Биз душмандашуу тилине каршы долбоорду алгач колдоп жатканда Канада душмандашуу тилинин объекти болооруна, а бул өз учурунда коомдун бир беткей мейкиндикке түшүүсүнө себеп болот деп ойлогон эмеспиз – деди элчи – Биздин бул жерде жүргүзгөн ишмердигибиз Кумтөр маселесине тийиштүү эмес”.

Канада толеранттуулукту жана көп түрдүүлүктү пир туткан мамлекет болуп саналат, муну өкмөттүн жаңы түзүмү да далилдеп турат, ага бардык этностордун, жергиликтүү элдердин жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын киргендиги мисал. «Биз Кыргызстан менен жаңы түшүнүктөр, тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз жана көп түрдүүлүктүн форматынын артыкчылыктарын көрсөтөбүз», - деди Шон Стайл.

Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминацияТынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар Мектебинин директору Инга Сикорская изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырып жатып 2015-жылы Кыргызстандын медиалык мейкиндигине жана аудиторияга таасир көрсөткөн үч негизги тенденция аныкталганын белгилеп кетти. 

Биринчиден, бул – фобиялардын өсүүсү мурдагы жылдарда бул байкалбаган эле. Рейтингдин көрсөтүүсү боюнча, ЖМК менен онлайн басылмаларда тираждалган  ксенофобия (1), исламофобия (2) жана гомофобия (3) жек көрүүлөрү ачык же каймана формаларында айтылган.

Экинчиден, эң жогорулардан орусиялык пропагандалар болгон. Бирок, өткөн жылдарга караганда жергиликтүү журналисттер жана пайдалануучулар аудиторияга керектүү деңгээлде болбосо да альтернативдүү ой-пикирди сунуштаганга аракет жасашкан.

Үчүнчүдөн, Интернетте тармактык агрессиянын жана дискриминациялык тилдин диапазону кеңейген. Троллингдин деңгээли профессионалдуу боло баштады, пайдалануучулар актуалдуу маселелер боюнча дискуссияларга жигери менен катышып, лексиканын түрдүү формаларын  пайдалануу менен ачык тирешүүгө  чакырык таштай баштады, бул келечекте коом үчүн да авторлордун өзүнө да кесепет алып келиши мүмкүн.

Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминация

Душмандашуу тилинин активдүү таркатуучулары катары социалдык тармактардын пайдалануучулары жана журналисттер болгон. Акыркы тенденцияда репортерлор жек көрүү сөздөрүн өзүнүн материалдарындагы интервьюларында, саясатчылардын, эксперттердин, окумуштуулардын жана маданият ишмерлеринин сөзүнүн тутумунда ачык эле ксенофобиялык мааниси бар цитаталарды жана комментарийлерди пайдаланышууда.

«Адилеттүүлүк жана дискриминацияга каршы коалициянын» медиакоординатору Алия Молдалиева дискриминацияны изилдөөдөгү мониторингдин ролу жөнүндө докладын окуп жатып, журналисттер белгилүү стереотиптерди жана стигмаларды жайылтып жатышат деп белгилеп кеткен.

«ЖМК темаларды дайыма эле туура чагылдыра бербейт, пикирлердин балансын кармабайт, - деди Молдалиева. – Кыргыз тилдүү ЖМКлар гомосексуалдуулук темасын кайсыдыр бир саясатчыларды каралоо үчүн пайдаланышат».

ЖМК менен онлайн медианын ар кандай азчылыктарга жана социалдык топторго терс мамилесин талкуулап жатып, дискуссиянын катышуучулары ксенофобиялык айтууларга жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча рекомендацияларды сунуш кылды. «Перемена» КФ жетекчиси Алмаз Тажыбай акыркы 2 жылда жарандык коомчулук сөз эркиндиги менен душмандашуу тилинин ортосун аныктоо боюнча дискриминацияга каршы мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканын жана "жек көрүүнүн негизинде кылмыш” деген аныктама киргизгенин эскерте кетти.

Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминацияКР Президентинин Аппаратынын эксперти Санжарбек Тажиматов дискриминацияга каршы нормалардын пакетинин иштелип жаткандыгын  колдоду жана катышуучуларга анын бөлүмү тарабынан мындай мыйзамды жайылтуу боюнча оң рекомендация берээрине ишендирип кетти.

«Бизде улут аралык, диний жана башка араздашууну козгоо боюнча кылмыш иши бар экендиги проблема болууда, - деп белгилеп кетти эксперт. – Жана бул маселе адам укугу деңгээлинде эмес улуттук коопсуздук деңгээлинде каралууда».

Дискуссиянын жүрүшүндө сунушталган талаа изилдөөлөрүндө жүргүзүлгөн аудиторияга сурамжылоо калктын душмандашуу тилине жана анын аудиторияга терс таасиринин жыйынтыгын көрсөттү. Мисалга, Баткен облусунан сурамжылоого алынгандардын 75% ЖМКда мусулмандар жөнүндө терс пикирлерди окугандыгын же уккандыгын айтышкан. Бул адамдардын жарымына "ишенбөөчүлүктү  жана дестабилизация кооптуулугун, өзүнө жана келечекке коркууну” туудурат».

Душмандашуу тили жана медиадагы дискриминацияДолбоордун талаа изилдөөчүсү Амир Мукамбетов Бишкекте жана Оштогу ЛГБТнын өкүлдөрүнүн сурамжылоосун келтирген, алар бул топко карата жек көрүү сезиминин жогорку деңгээлин баса белгилешкен.

«Алардын 90 %ы диний лидерлерден, бийлик өкүлдөрүнөн жана ЖМКда айтылган гомофобдук уюмдардан кордогон жана кемсинткен сөздөрдү угушкан», -  деп билдирди ал. ЛГБТга карата жек көрүүнүн мындай жогорку деңгээли ал топтун өкүлдөрүнө өзүн көзгө байкалбагандай кылып, башка  адамдар катары көрсөтүүгө алып келет.

ЖМКда душмандашуу тилинин алдын алууну жана толеранттуулукту өнүктүрүү боюнча рекомендация катары дискриминацияга каршы мыйзамды кабыл алуудан башка катышуучулар журналисттерге билим берүүнүн жолдорун өзгөртүүнү, тынчтыкты орнотуу жана адистер үчүн компетенциясын жогорулатуу боюнча тренингдерди өткөрүүнү, журналистика менен этиканын эл аралык жогорку стандарттарын карманууну, гендердик өзгөчөлүктөр жана адам укуктары жаатында жарандарга билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү сунуштады.

Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар Мектебинин эксперттери сунушталган рекомендацияларды жалпылайт жана ушул жылдын март айында изилдөөнүн жыйынтыгынын жыйынтыктоочу версиясын берет. 

Бул иш-чара Канаданын жергиликтүү демилгелер фондунун (CFLI) колдоосу менен ишке ашырылды. 

 

 


Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры