Информация к новости
  • Просмотров: 2798
  • Автор: admin
  • Дата: 25-05-2015, 12:41

Телеканалдагы душмандашуу тили боюнча полемика ЖМКдагы этика боюнча проблеманын бар экендигин көрсөттү

 25-05-2015, 12:41    Категория: Кыргызча, Душмандашуу тилине медиа-мониторинг, Жаңылыктар


ЖМКнын өнүгүүсү жана душмандашуу тили боюнча алектенген Тынчтыкты орнотуучу жана медиатехнологиялар мектеби кээ бир орус жана жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттары, онлайн басылмалардын «Кыргызстандагы башкы мамлекеттик канал улутчулдукту пропагандалоодо» деген аталыштагы «Арстандар жана чөөлөр жөнүндө» деген аттуу макала боюнча медиадагы жана Интернеттеги полемикалар менен комментарийлерди иликтеп чыккан.

 

Макала 2015-жылдын 19-майында, «Московский Комсомолец-Азия» гезитинде жана веб-сайтында жарыяланган. Анда сөз КР жазуучулар Кошунун мурдагы төрагасы жана коомдук ишмер Абдрахман Алымбаевдин 2014-жылдын декабрь айындагы КТРКнын эфиринде «Тоолуктардын ток шоусу» деген телеберүүсүндөгү орой сүйлөгөндүгү жөнүндө болгон. Аталган программанын алып баруучусу жана эфирдин коногу Кыргызстанда жашаган этностордун арасындагы айырмачылыктарды талкуулашкан. «МК-Азия» гезитиндеги макаланын автору А.Абдрахмановду жана КТРКны «улутчулдук идеяларын билдирүүдө» деп күнөөлөөдө. Ошондой эле 2015-жылдын 19-майында You Tube сайтына телеберүүнүн ошол бөлүгүн чагылдырган 4 мүнөттүк видео жайгаштырылган.

Тынчтыкты орнотуучу жана медиатехнологиялар мектебинин эксперттери акыркы жума ичинде ЖМКда жана Интернетте бул теманы талкуулаган 150 кыска макаланы, постторду, комментарийлерди аныкташкан. Публикациялардын бир топ бөлүгү жек көрүүнүн лексемаларын, ксенофобиялык клишелерди жана стереотиптерди камтыган, эки тарапка тең тийиштүү адамгерчиликсиз метафораларга бай келген. Бул маселе боюнча пикирин билдирген коомдук спикерлерди цитаталоодо, журналисттер жек көрүүгө толгон сөздөрдү пайдаланган. Мындай кадам өз кезегинде аудиторияга жана комментаторлорго терс таасирин тийгизген жана алар да кемсинтүүчү тилди трансляциялашып, дискуссияга тартылган.

Мындай медиа-тексттерди жарыялоодо журналисттик стандарттарды жана этикалык нормаларды сактабагандык реалдуу зордук-зомбулуктун болушуна шарт түзүшүнө, ал эми кээ бир социалдык топтор өзүнүн этникалык же башка тийиштүүлүгүнө байланыштуу дискриминациялоонун ар кандай формасына туш болуу коркунучу бар.

Албетте, эркиндикке болгон укукту ишке ашырууда коомду кызыктырган, ар кандай жолдор менен көз караштарды билдирген ар түркүн дебаттардын уюшулушуна мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү ЖМКда бул абдан жакшы байкалууда, себеби Кыргызстан сөз эркиндиги жактан Россия менен бүтүн Борбордук Азиядан алга кетип, эл аралык рейтинг боюнча алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ болууда.

Бирок журналисттер этникалык тамырга тийиштүү суроолорду манипуляциялоонун терс кесепетин болтурбаганга, жогорку трибуналарда, анын ичинде саясий жана шайлоо алдындагы максаттар үчүн тираждалган басылмаларда аудиторияны душмандашуу тилинен, ксенофобиялык клишеден жана стереотиптерден коргоого умтулушу зарыл.

Медиа жана онлайн басылмалардагы полемиканы анализдөө «Тоолуктардын ток шоусу» берүүсүн даярдаган жана аны чыгарган «күнөөлүүлөрдү» али далили жок болсо да кылмыш жазасына тартуу зарыл деген чакырыктарды аныктаганга мүмкүндүк берди. Көптөгөн комментаторлор ЖМКга, айрыкча мындай телеберүүнү даярдаган телеканалга көзөмөлдү күчөтүүнү жана этника аралык медиа-контентти цензуралоону талап кылышууда.

Тынчтыкты орнотуучу жана медиатехнологиялар мектеби бул аракеттерди ишке ашырууга карата эскертүү кылууда, демократиялык коомдо буга жол берилбеши керек. Кырдаалды жумшартуу үчүн жакшы чара катары ЖМКнын этикалык жана социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу, толеранттуулукту тарбиялоо, дүйнө маданиятын бекемдөө, ачык дискуссияны жана көз караштардын плюрализмин түзүү керек.

Душмандашуу тилине аудиторияны агартууга багытталган кепти каршы коюу жана адашуу менен алдын ала пикирде болууну жеңүүгө, душмандын образын жеңүү менен стереотиптерди жоюу зарыл, муну менен коомдук пикирди ыктыярдуу өзгөрүү керек.

Биз коомдогу жек көрүү жана ксенофобдук маанайды жумшартуу боюнча эл аралык практикада текшерилген каражаттарды пайдаланууну кеңеш беребиз.

Биринчиден, спикерлер жана саясатчылар өзүлөрүнүн өкүлдөрүнүн жүрүм-турумун аныктай турган, айрыкча алардын жогорку трибуналардан коомдук чыгууларында жана ЖМКда этикалык принциптерин бекемдеп алганы оң жана алардын сакталуусуна көз салуусу керек.

Экинчиден, журналисттердин белгилүү бир адамдарды жана топторду басынтуусу жана ЖМКда терс стереотиптерди жайылтуусу кандай коркунучка алып келээрин түшүнүшү парз. Жектешүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн этникалык, расалык жана башка топтордун мүнөздөмөлөрүн эске салуудан качуу керек.

Үчүнчүдөн, журналисттик ишмердиктин кесипкөйлүгүнө байланыштуу маселелерди чечүүдө өзүн өзү жөнгө салуу эң натыйжалуу ыкма болуп кала берет.

ЖМК көп түрдүүлүктү жана басмырлоого каршы принциптерди чагылдырган ыктыярдуу кесиптик жүрүм-турум кодекстерин карап чыгуусу: ошол нормаларды жарыя кылуусу жана аны ишке ашыруу үчүн кадам коюушу зарыл.

Мындан бөлөк, медиа-тармакта иштеген кызматкерлер дайыма өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуусу, этникалык жана маданий көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча көндүмдөрүн, тилдик жана кептик коопсуздукту жакшыртуусу зарыл.

Уюм жөнүндө: Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология Мектеби (SchoolofPeacemakingandMediaTechnology in CentralAsia) медиа-эдвокасиге басым койгон, медиа-тармактагы душмандашуу тилин изилдөөлөргө, киберкоркунучтарды жана медиа-согуштарды анализдөөгө, ЖМКны өнүктүрүү боюнча тренингдерге, анын ичинде талаш-тартыш зонасында, сөз эркиндигин жана пикирин билдирүүнү колдоо, санариптик заманда медиа-сабаттуулукка үйрөтүү, санатриптик, тилдик жана кептик коопсуздукка, визуалдык гигиенага багытталган коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет.
Кеңири маалыматтар:
http://ca-mediators.net/index.php?action_skin_change=yes&skin_name=kyr
peacemakingschool@gmail.com

 

 

 

Метки к статье: Телеканалдагы душмандашуу тили боюнча полемика ЖМКдагы этика боюнча проблеманын бар экендигин көрсөттү

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год



Карта инцидентов




Образование и тренинги


ТРАНСНАЦИОНАЛЬНЫЕ РЕПРЕССИИ И БЕЗОПАСНОСТЬ

Состоялась онлайн конференция, на которой обсуждались риски транснациональных репрессий в работе активистов, медиаработников, юристов и…

Подробнее


Вебинары


МИРОТВОРЧЕСКАЯ ЖУРНАЛИСТИКА ПРИ ОСВЕЩЕНИИ КОНФЛИКТОВ

Можете ли вы ответить на вопрос: что такое миротворческая журналистика или журналистика мира, как это принято говорить в международной практике?

Это – позитивная журналистика?

Это – смягчение конфликта за счет историй, где говорится о том, как власти решают проблему?

Или это – баланс фактов и мнений, построенных на беспристрастной хронологии освещаемого вами конфликта?

Ни один из трех предложенных вопросов не является миротворческой журналистикой, поскольку она строится на других принципах.

Смотрите видеоурок от Инги Сикорской, директора Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА, медиаэксперта, исследователя, журналистки.

Инга освещала разные конфликтные события, работала в Афганистане, написала ряд учебных пособий для журналистов и активистов, в том числе "Как женщине-журналисту делать визуальные репортажи из Афганистана",

"Как освещать  многообразие и этнические конфликты,"Как журналистам избегать языка вражды в своих репортажах" и другие.

Инга проводит семинары по медиа, кризисным и миротворческим коммуникациям в Центральной Азии и других странах.

 

Смотрите видео-урок с примерами и пояснениями, а потом выполните упражнение.


Подробнее


Наши услуги


МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТА

 

МОНИТОРИНГИ, МЕДИАНАЛИТИКА, МЕДИАЭКСПЕРТИЗЫ КОНТЕНТАГруппа независимого мониторинга, экспертизы, анализа и образования Школы миротворчества и медиатехнологий в ЦА оказывает услуги в НКО секторе, проводит консультации, экспертизу тренинги по вопросам, связанным с медиасферой и публичным дискурсом.

Мы проводим медиа-мониторинги, медиа-исследования, разрабатываем медиа-планы и стратегии, готовим медиа-аналитику по заданным тематикам, а также предлагаем следующие услуги:

·исследование медиа-сферы на основе мониторинга СМИ на предмет освещения по заданной тематике с использованием уникальной методики, анализ, выработка рекомендаций;

·полный медиа-мониторинг и анализ выделенных публикаций по различным индикаторам, в зависимости от задачи– сбор всех материалов об объекте мониторинга по максимально широкому списку с помощью специальных электронных систем мониторинга, ручного поиска и интеллектуальных инструментов для анализа (кыргызский, русский, английский языки);

·по ограниченному медиа-списку – поиск публикаций об объекте мониторинга по определенному списку СМИ (обычно наиболее авторитетные, популярные, значимые с точки зрения достижения ЦА, издания);

·аналитические обзоры по заданной тематике;

·разработка моделей информационно-просветительских кампаний( интеллектуальная логистика, исследование и анализ ситуации, планирование мероприятий, определение аудитории, стратегия, сбор информации, анализ, разработка послания, определение ожидаемых результатов, тестирование кампании, разработка публичных мероприятий, отслеживание результатов кампании);

·разработка медиа-планов, мониторинг и анализ медиа-активности, кризисный медиа-мониторинг, архивный/ретроспективный медиа-мониторинг;

·консультации по созданию медиа-кампаний;

·тренинговые/обучающие услуги, мастер-классы: разработка тематики и программы тренинга;

·проведение медиа-тренингов/мастер-классов;

·информационные услуги (создание релизов, адаптация пресс-релизов под веб-публикацию. линкование, ссылки, теги и т д);

·разработка сценария и создание видео- и аудио-интервью, тезисы;

·подготовка спикеров для пресс-конференций, разработка сценария пресс-конференции и брифингов, тезисы их выступления;

·разработка медиа-плана для участия, выступающего в тематических программах по социально-значимым вопросам;

·редактирование и обработка текстов (кыргызский, русский, английский языки).

Вышеперечисленные услуги осуществляются по договору оказания платных услуг в некоммерческом секторе и рассчитаны в соответствии с калькуляцией платных услуг на текущий год. За подробной информацией обращаться на peacemakingschool@gmail.com или написать сообщение на Фейсбук https://www.facebook.com/Alinapeacemaker


 

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры