Информация к новости
  • Просмотров: 560
  • Автор: admin
  • Дата: 13-12-2017, 11:46

МАКАЛАНЫ ЖАРЫЯЛОО АЛДЫНДА ЫКЧАМ ТЕШЕРҮҮ ЫКМАЛАРЫ

 13-12-2017, 11:46    Категория: Кыргызча, Жаңы инструменттар жана тренингдик материалдар, Жаңылыктар



Эгерде сиз журналист, редактор, контент түзүүчү же элдин алдында чыгып сγйлөөгө даярданып жаткан спикер болсоңуз анда өзүңүз жазган макаланы, кандайдыр бир маалыматты, репортажды же өз сөзүңүздү коомчулукка жарыялоо алдында жазылган материалдын маңызын ЫКЧАМ ТЕКШЕРγγ максатында СӨЗСЗ түрдө бир аз ТЫНЫГУУ жасап алганыңыз оң болот. Анткени, ыкчам текшерүү учурунда сиз өз материалыңыздын мазмуну жана андагы жарыяланган сүрөттөр кимдир бирөөнүн же кайсыл бир социалдык топтун кыжырын кайнатып, алардын аң-сезимине тескери таасирин тийгизбеши үчүн ага дагы бир сыйра көз жүгүртүп чыга аласыз. Бул учурда сиз өзүңүзгө өзүңүз жогорудагыдай мазмундагы суроону бир нече жолу берүү менен өз материалыңызды дыкаттык менен дагы бир жолу текшерип, талдап андан соң гана «жарыялоо» деген кнопканы басып, таратканыңыз жөндγγ болот. Мындай аракет менен сиз кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнаткан материалды таркатуудан жана андай материалдын ээси сиз болуп калуу коркунучун алдын ала аласыз.

ТӨМӨНДӨ сиздин макалаңыздын, маалыматыңыздын же коомчулукка арналган кандайдыр бир маалымат иретинде жасалган материалыңыздын мазмуну боюнча өзүңүзгө-өзүңүз бере турган суроолордун түзүмү берилген. Көпчүлүк учурда журналисттер коомчулукка чагым салгандыгы үчүн айыпталышат. Иш жүзүндө чындыгында эле коментаторлор өз сөздөрүндө айрым учурда кимдир бирөөлөрдүн кыжырын кайнаткан же кадыр баркын түшүргөн сөздөрдү колдонуп жиберишет жана алардын сөздөрү башка бирөөлөр тарабынан шилтеме келтирилип коомчулуктун калың катмарына тарап кетет. Мындай окуяларга талдоо жүргүзүп келгенде, көчүлүк учурларда журналисттер, ММК жана макала авторлору кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирилип айтылган сөздөрдү өзгөртүүсүз жарыялап жибергендиги үчүн айыпталышкандыгын көрүүгө болот. Тагыраак айктанда, ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Көпчүлүк учурда журналистер, ММК жана контент түзүүчүлөр кайсыл бир жеке кызыкчылыгын ойлогон саясатчы же коомдук ишмерлердин ойлонбой айткан сөзүнөн улам жогорудагыдай айыпка жыгылышкан учурлар кездешет.

Ошондуктан сиз өзүңүз шилтеме келтирген адамдын ким экендигин, анын кадыр-баркын жакшылап талдап, ошону менен бирге эле ал айткан маалыматты, фактыларды же кимдир бирөөнүн дарегине жасаган айыптоолорун дыкаттык менен текшерип чыгууңуз зарыл.


Журналисттер жана контент түзүүчүлөр биринчи кезекте өздөрү шилтеме келтирген кайсыл бир саясатчынын, спикердин же респонденттин тикелей айткан сөзүндө чагымчылдык маани камтылган же камтылбагандыгына маани берүүсү зарыл. Ошондой эле кафеде, базарда, анча көп эмес адамдар үчүн айтылган сөз менен ири трибунадан же коомдук жайда жана ММКтары аркылуу айтылган сөздүн абдан чоң айырмасы бар экендигин эстен таптакыр чыгарбоолору шарт. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Мындай мазмундагы маалыматтар кимдир бирөөлөрдүн мыйзамсыз аракеттерге баруусуна же башкаларды жек көрүүсүнө түрткү болбойбу? Мүмкүн кимдир бирөөлөр тарабынан айтылып, ММКна жарыяланган сөз натыйжада кандайдыр бир мыйзам бузуучулукка же соттошууга алып келиши да толук мүмкүн. Андай боло турган болсо, андай маалыматты тараткан журналист же ММКры да жогорудагыдай сөз айткан адамдын айынан сот жообуна тартылуусу толук мүмкүн. Көпчүлүк учурда этикалык журналисттер жана тажрыйбалуу контентчилер кайсыл бир адамдын сөзү, кандайдыр бир топко каршы атайылап же байкабай айтып жаткандыгын дароо эле билип коюшат. Ошол эле мезгилде алар мындай айтылган пикир үчүн кылмыш жоопкерчилигине же башка ар кандай санкцияларга дуушар болоорун же болбошун да күн мурунтадан аныктай алышат. Журналисттер, редакторлор кайсыл бир окуяны чагылдырууда: айтылган сөздү басып жарыялоодо, анын маңызын ачып коомчулукка жеткирүүдө, ошондой эле шилтеме үчүн колдонулган маалыматтын тууралыгы үчүн толук жоопкерчиликтүү. Албетте, жоопкерчиликтүү маалымат каражаты кимдир бирөөнүн айткан сөзүнө кандайдыр бир шек келтирип же анын сөзүнүн коомчулукка таасирин азайтууга барбашы зарыл. Ошол эле мезгилде журналисттин өз ишине болгон этикалык так мамилеси коомчулуктун жарыяланып жаткан материалдын мазмунун бурмалоосуз түшүнүүсүнө өбөлгө боло алат.

 Айрыкча өлкөдө социалдык чыңалуу болуп, саясатчылар бири бири менен тирешип турган учурда кайсыл бир тараптар тарабынан айтылган сөздөн улам коомчулукта талаш-тартыш, ал тургай коркунуч да жаралган учурлар кездешет. Андыктан, журналисттер жана активдүү окурмандар өлкөдөгү коомдук абалды эске алуусу зарыл. Мисалы, мындай көрүнүш кайсыл бир шайлоо кампаниясы учурунда саясий топтор, коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө буруу максатында, бири-бири менен талашып-тартышып жаткан учурда орун алат.

 

Тигил же бул сөздγн канчалык деңгээлде так, акылга сыйарылык фактыларга таянып айтылгандыгын талдоо зарыл. Мындай учурда этникалык топтордун кадыр-баркын кемсинтγγгө багытталган сөз кайсыл жерде камтылгандыгын так аныктоо керек. Мисалы, мигарация же экстремизм темаларына багытталган академиялык талкуу же талаш-тартыштарда эч кандай коркунучтуу нерсе айтылбашы деле мγмкγн, ал эми эгерде ушул темалар кайсыл бир келечегине, коопсуздугуна тынсызданган жергиликтγγ элдин өкγлдөрγнγн катышуусунда өткөрγлө турган болсо, мындай талкуу абдан коркунучтуу жана кγтγлбөгөн жыйынтыктарга алып келиши толук ыктымал.


 Санариптик технологиясы γстөмдγк кылган заманда бардык кабарлар ушунчалык тез таралат жана абдан тез натыйжасын берет. Анын баарын эске алганда, таратылган маалыматтын коомдук аң-сезимге тийгизген таасирин кγн мурунтадан аныктап коюга болот. Мисалы, кайсыл бир чакан чөйрөдө айтылган пикирдин анча деле коомго зыяны болбошу мγмкγн. Ал эми ал пикир ММК же интернет аркылуу таратылса, натыйжасы таптакыр башкача болоорунда шек жок.

Ошондуктан, журналисттер жана окурмандар маалымат алмашуунун ЫКЧАМДЫГЫН жана анын ДАРАЖАСЫН эске алуулары зарыл.

 

Сиз мындай маалыматты инфографика тγрγндө жумушчу столуңузга көчγрγп алып, аны дайыма карап турсаңыз болот. Мындан сырткары биздин окуулар жана мастер-класстарды өткөрγп жибербей дайыма карап жана жазылып туруңуз.

 

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология мектеби тарабынан чыгарылган бардык материалдар CreativeCommonsAttributionNon-Commercialлицензиясы менен корголот. Андыктан аталган мектепке тиешелγγ бардык материалдарды колдонууда сөсγз тγрдө Борбор Азиядагы Тынчтыкты калыбына келтирγγ жана медиатехнология мектебине жана WWW.ca-mediators.net интернет сайтына шилтеме келтирγγ талап кылынат.


 


 


 

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.




  • Военные возле рынка запчастей в во время массовых беспорядков, г. Ош, июнь 2010 год

  • Участники тренинга по медиации и урегулированию конфликтов строят "Башню мира", Бишкек, апрель, 2011 год

  • Тренинг для журналистов по разрушению стереотипов, Бишкек, апрель, 2012 год

  • Семинар по производству командных репортажей в мультинациональных журналистких группах, Бишкек, август, 2012 год


Он-лайн курс




Образование и тренинги


ИТОГИ ЛЕТНИХ СТАЖИРОВОК


 Насколько важно делать стажировку перед тем, как подать заявку на работу? Вам нужно получить…

Подробнее


Вебинары


НОВАЯ МЕДИАКУЛЬТУРА И КОМПЕТЕНЦИИ В ПУБЛИЧНОМ ПРОСТРАНСТВЕ

 НОВАЯ МЕДИАКУЛЬТУРА И КОМПЕТЕНЦИИ В ПУБЛИЧНОМ ПРОСТРАНСТВЕКак отличить противоправный контент от негативнооценочного когда вы пишете в Интернете, репостите чужие материалы или комментируете важные события? Что такое медиаэтика и чем она отличается от профессиональной этики журналистов, почему важно знать и понимать эти правила создателям контента и лидерам мнений в Интернете, как пользоваться этими инструментами. Об этом и многом другом рассказывают тренеры на открытых мастер-классах Школы миротворчества и медиатехнологий, которые проходят сейчас в Бишкеке для местных стажеров и экспертов в рамках программы "Новая медиакультура и развитие компетенций в публичном пространстве".  Особое внимание уделяется существующим практикам в Кыргызстане. 

 
"Важной ступенью в новой медиакультуре является выработка  навыков культуры дискуссии и понимания того, как традиции страны, религии, этнической, социальной группы, убеждения, символы и существующие средства коммуникаций влияют на создание, распространение и потребление информации, - говорит Инга Сикорская, ведущий медиа-тренер и программный директор Школы. - Обучение экспертов и создателей контента направлено на формирование совершенно других взглядов на существующие практики в публичном пространстве, ведь старые нормы поведения в Сети уходят в прошлое". 

Медиакультура, это новое понятие, которое включает в себя культуру передачи информации и культуру ее потребления; она может выступать системой уровней развития личности, способной воспринимать, анализировать и оценивать медиатексты, заниматься медиатворчеством, усваивать новые знания в области медиа.  
Следующие два мастер-класса пройдут в августе. Вы также можете посмотреть краткий видео-урок "Медиаэтика и язык вражды"
 

Подробнее


Наши услуги


ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕ

ПОМОЩЬ В АДВОКАЦИИ ДЕЛ, СВЯЗАННЫХ С ВЫСКАЗЫВАНИЯМИ ИЛИ РАСПРОСТРАНЕНИЕМ ИНФОРМАЦИИ В ИНТЕРНЕТЕГруппа независимого мониторинга, экспертизы и анализа Школы миротворчества оказывает поддержку, проводит  консультации и внесудебную экспертизу по вопросам, связанным с высказываниями или распространением информации в Интернете.

ПОМНИТЕ: независимая оценка спорного контента является весомой доказательной базой при рассмотрении дел и может повлиять на его исход. Инструменты и практики квалификации контента, разработанные и применяемые в экспертизах Школы миротворчества базируются на последних мировых разработках анализа онлайн контента позволяют делать квалифицированные выводы и заключения. 

Эксперты Школы миротворчества входят в группу авторов-разработчиков МЕТОДИЧЕСКОГО РУКОВОДСТВА по проведению  комплексной судебной психолого-лингвистической и религиоведческой экспертизы в Кыргызской Республике, которая была издана в марте 2017 года и станет одним из главных документов для Центра судебных экспертиз Минюста КР.

 

 

 

Подробнее


Лагерь медиа-инноваций



Взгляд изнутри





Партнеры